Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Сирия: Халифатчылар чиркөөнү жардырып салышты


Ирак жана Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал тобунун катарында 300 казакстандык жаран согушуп жүрөт.
Ирак жана Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал тобунун катарында 300 казакстандык жаран согушуп жүрөт.

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун желдеттери 80 жыл мурда курулган чиркөөнү жардырып жиберишти. 6-апрелде Сирия өкмөтүнүн билдиришинче, түндүк чыгыштагы Хасеке провинциясына караштуу Тел-Насри кыштагындагы Ыйык Мария чиркөөсү байыркы ассириялыктар жамаатына таандык болчу. Кыштактын атрабында тарса(христиан) жана күрт милициясы менен жихадчылар арасында айыгышкан уруш жүрүүдө.

Жихадчылар шиит жана суфи суниитердин да ыйык жайларын таш-талкан кылышууда.

Февралда халифатчылар Сириянын түндүк батышындагы ассирия-тарсаларынын 200дөн ашуун мүчөсүн уурдап кеткен. Алардын 19 бошотулуп, калгандарынын тагдыры белгисиз.

Сирияда, эсептөөлөр боюнча, 40 миңдей тарса ассириялык жашайт. 2011-жылы жарандык согуш башталганга чейин Сирияда 1, 2 млн. христиан жашачу.

XS
SM
MD
LG