Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Ак илбирсти өлтүрдү деп шектелген жаран Интерпол аркылуу изделет


Бул сүрөт интернетке март айында тараган.
Бул сүрөт интернетке март айында тараган.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу департаменти кызыл китепке киргизилген ак илбирсти өлтүрдү деп шектелген Павел Тё аттуу жаранды кармоо суранычы менен Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” департаменттин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Өткөн айда ак илбирстин өлүгүн алдына коюп, тоодо эс алып жаткан кишинин сүрөтү интернетке жайылган. Айрым маалыматтарда анын аты-жөнү Павел Тё экени, жеке аңчылык чарбасын жетектей турганы айтылган. Департамент иликтөө иштерин жүргүзүп, Павел Тё аттуу жаранга эч кандай чарба катталган эместигин тактаган.

Расмий маалымат боюнча учурда Кыргызстанда 270-300 ак илбирс бар. (SE)

XS
SM
MD
LG