Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Активисттер эл аралык уюмдарды тизгиндөөнү суранууда


Бүгүн Бишкекте Жаштардын патриоттук кыймылынын өкүлдөрү маалымат жыйын куруп, эл аралык уюмдар Кыргызстандын эгемендигине жана коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканын айтышты. Алар Human Rights Watch баштаган эл аралык укук коргоо уюмдарынын ишине Кыргызстандын аймагында бөгөт коюуну суранып атышат. Активисттер Украинадагы окуяларды мисал келтирип, буга чет элдик укук коргоочулардын салымы бар экенин белгилешти.

Ошондой эле жакында Ошто мыйзамсыз иштеп жаткан америкалык Умар Фарук аттуу журналисттин өлкөдөн чыгарылышына эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданганын айтып, мыйзамсыз аракеттер укук коргоочулар тарабынан колдоого алынып жатканына нааразы болушту.

Кыргызстанда бир катар эл аралык уюмдар ишмердик жүргүзөт. Алар демократиялык баалуулуктарды сактоого, адам укугун урматтоого чакырып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG