Йемендеги шиит козголоңчуларга абадан сокку уруп жаткан Саудия башындагы коалиция Пакистандан аскердик жардам сурады. 6-апрелде Пакистандын коргоо министри Мухаммед Азиф улуттук парламентте маалымдагандай, коалиция Исламабаддан Йеменге аскер учактарын, согуш кемелерин жана кургактагы аскерлерди жиберүүнү суранган.
Буга чейин премьер-министр Наваз Шариф хусит кыймылына каршы чабуулду колдогонун билдирген.
Йемен президенти, суннит Абд Рабу Мансур Хади азыр Саудияда баш калкалоодо. Пакистан премьер-министри Наваз Шариф да 1999-жылы бийликтен оодарылгандан кийин падышалыкта жашап жүргөн.
Саудия былтыр Пакистанга 1.5 млрд доллар берген.