Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

“Карышкыр” камактан чыккан соң да милициянын көзөмөлүндө болот


"Карышкыр" аттуу каймана ат менен таанылган жаран.
"Карышкыр" аттуу каймана ат менен таанылган жаран.

Кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири, “Карышкыр” аттуу каймана ат менен белгилүү Мурсалим Өмүрзаков камактан чыккандан кийин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамга ылайык, оор кылмыш боюнча айыпталып камалгандар боштондукка чыккандан кийин деле милициянын тизмесинде турат. Алардын аракеттери көзөмөлдөнүп, профилактикалык иштер жүргүзүлүп турушу керек.

Өмүрзаков 2013-жылы Орусияда “мыйзамдагы ууру” наамын алгандан соң кармалып, 2013-жылдын күзүндө Кыргызстанга алып келинген. Учурда Нарындагы №4 тергөө абагында отурат. Анын абактагы мөөнөтү келерки жума соңуна чыгары айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG