Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Швейцарияда Чоң адрон коллайдери кайра иштей баштады


Европанын ядролук изилдөөлөр борборундагы Чоң адрон коллайдеринин чоң магниттик талаасы. Женева.
Европанын ядролук изилдөөлөр борборундагы Чоң адрон коллайдеринин чоң магниттик талаасы. Женева.

Европанын ядролук изилдөөлөр борборунун 27 чакырымдык туннели Женева шаарына жакын жерде Швейцария-Франция чек арасынын астында орношкон. Коллайдер заряддалган бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын күчөтчү эң чоң аппарат. Анын жардамы менен Хиггс бозону табылган. Хиггс талаасы жок материянын негизин түзгөн атомдор, ядролор, малекулалар болмок эмес. Бул жылдыздар жана биздин Күн системабыз жок болмок дегенди түшүндүрөт дешет илимпоз-физиктер. Аталган борбордун окумуштуулары эми кара материянын жана суперсимметриянын (глюино) бөлүкчөлөрүн издей баштайт.

XS
SM
MD
LG