6-апрелде Түркия Twitter, Facebook, YouTube сыяктуу интернеттеги маалымат булактарын жапты. Бул боюнча расмий Анкара эч кандай түшүндүрмө бербеди. Бирок Hurriyet гезити аталган социалдык желелер солчул топтун мүчөлөрүнүн Стамбулдун башкы прокурорунун башына тапанча такап турган сүрөттөрдү жарыялаганы үчүн жабылганын жазды. Солчулдар кийин башкы прокурорду атып салышкан.
Былтыр марттагы жергиликтүү шайлоо маалында Twitter жана YouTube ошо кездеги премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын жакын чөйрөлөрүндөгү коррупция фактыларын күбөлөгөн сүйлөшүү делген аудиоматериалдарды жарыялагандан соң да убактынча жабылган.