Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Бүгүн парламент комитети Кумтөр маселесин карайт


Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети бүгүн Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасыз аяктаганына баа берет. Комитеттин жыйынына өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев тиешелүү министрлер менен чогуу катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Темир Сариевдин айтуусунда, Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн варианттарын канадалыктар менен сүйлөшүү жүрүп жатат:

- Комиссиянын жыйынтыгында жазганбыз: же сүйлөшүү менен макулдашып, кандайдыр бир башкаруу системасын өзгөртүүбүз керек. Же "Центеррадан" кетип, Кыргызстанга алып келип, 50/50% үлүштө биргелешкен ишкана куруп, кыргыз мыйзамы менен каттап, иштетүү керек. Бирок эми 50/50% үлүш боюнча сүйлөшүү жок.

Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир ай ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүүнү тапшырган. Эгерде ал аткарылбаса, өкмөттү кызматтан кетирүү белгиленген. Өкмөт Кумтөр боюнча келишимдин долбоорун парламентке 19-мартта жөнөткөн.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын "Центерра" ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. Мурдагы өкмөт 50/50 пайызындагы үлүш менен иштетүү келишимин сунуш кылып, парламент колдоп берген. Бирок азырынча натыйжа чыга элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG