Украин президенти Петро Порошенко Жакынкы Чыгыштагы облустарга бийлик берүү үчүн референдум өткөрүүгө каршы эмес экенин айтты. Ал бул тууралуу Украинанын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча иштеп жаткан парламенттик комиссия менен жолуккан учурда билдирди. Порошенко “эгер комиссия мындай чечимге келсе”, каршы турбасын билдирди. Президент бирок федералдаштырууга каршылыгын, кандай гана коопсуздук маселеси болбосун борбордук бийликтин колунда болорун эскертти. Ал ошондой эле орус тилине расмий деген макам берүү демилгесин сандырак кеп деп атады.