Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов “Эркиндик” аянтында өткөн Апрель окуясын эскерүү жыйынында сүйлөп жатып, оппозиция уюштурган иш-чараларды колдобоого чакырды. Калаа башчысы Улуттук оппозициялык кыймыл тарабынан 11-апрелде Жалал-Абадда өткөрүү пландалып жаткан курултайды мисал келтирип, учурда Кыргызстанга туруктуулук керек экенин, андыктан мындай жайындардын зарылчылыгы жоктугун белгиледи.
Шаардагы эскерүү иш-чарасына 300гө чукул адам келип, Апрель окуясында курман болгондорго арналып түлөө өткөрүлдү.
2010-жылдагы бийлик алмашууда каза тапкан жүзгө чукул кишинин 9у жалалабаддык. (RsK)