Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

Түптө чоң энесин өлтүрүүгө шектелген адам кармалды


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү Түп районунун Михайловка айылындагы үйлөрдүн биринен улгайган аялдын сөөгү табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал айылдын 86 жаштагы Ш.Любовь аттуу тургуну экени, киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Ошол эле күнү кылмышка шектелип маркумдун 29 жаштагы небереси кармалды. Андан далил зат катары чоң энесинин кан болгон кийимдери алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү психикалык жактан оорулуу. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG