Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Чаткалдын тургуну насыя алып ардагерлер аллеясын жаңылоодо


Рашид Гизатулин эстеликтин айланасын жаңылап жатат. 7-апрель, 2015-жыл.
Рашид Гизатулин эстеликтин айланасын жаңылап жатат. 7-апрель, 2015-жыл.

Жалал-Абаддын Чаткал районуна караштуу Шакафтар айылынын тургуну Рашид Гизатулин банктан 100 миң сом насыя алып, айылдагы согуш ардагерлеринин эстеликтерин оңдоп жатат. Бул тууралуу активист өзү “Азаттыкка” билдирди:

- Быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилейбиз. Айылда көзү тирүү ардагерлер калбаса да, аларга урмат көрсөтүү максатында мындан 15 жыл мурун курулган эстеликтин айланасын тосмолоп, жаңылоону туура деп таптым. Менин атам да согушка катышкан. Азыркы муун аларга өмүр бою урмат көрсөтүүгө милдетүүбүз,- дейт Гизатулин.

Маалыматка ылайык, интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу активисттер да демилгечиге 12 миң, айылдаштары 8 миң жана чет элдик достору 10 миң сом колдоо көрсөтүшкөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG