Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кумтөрдө үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү пайдасыз экенин айтты. Ал ишкананы улутташтыруу демилгеси да начар сунуш экендигин белгиледи. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде депутаттарга маалымат берип жатып билдирди.
- Кумтөр мурунку бойдон иштей бериши керек. Жоопкерчиликти моюнума алам. Бул үчүн өкмөткө ишеним көрсөтпөөнүн ордуна, кайра колдоого алышы зарыл. Эгер кимдир бирөө башка оптималдуу вариант сунуштаса, ошол адам премьер болсун,- деди Оторбаев.
Бүгүн парламенттеги аталган комитетте Кумтөр долбоору боюнча быйыл февралда өкмөткө берилген тапшырманын аткарылышы каралып жатат.
Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир ай ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүү тапшырмасын берген. (SE\UEz)