Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Кыргызстан Кумтөр боюнча кеңешчилерге 3,5 миллион евро төлөдү


Кумтөр кени жайгашкан аймак.
Кумтөр кени жайгашкан аймак.

Кыргызстан Кумтөрдө үлүшү теңме-тең ишкана түзүү боюнча Centerra Gold Inc компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кеңешчилерге эки жыл ичинде 3,5 миллион евро төлөдү. Сүйлөшүү жүргүзүүгө эл аралык үч компаниядан юристтер жалданган. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов парламентте билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Кумтөр долбоору боюнча быйыл февралда өкмөткө берилген тапшырманын аткарылышы каралып жатат. Депутаттарга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт өкүлдөрү маалымат берүүдө.

Парламент 26-февралда өкмөткө бир айдын ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүү тапшырмасын берген. Бирок бүгүн Жоомарт Оторбаев бул эки сунуш тең туура эместигин белгилеп, Кумтөр азыркы абалында иштей бериш керектигин айтты. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG