Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан 7-апрелде билдиришти. Мындан сырткары көчкү жүрүү коркунучундагы 402 аймак бар. Ал жерлерде 400дөн ашуун адам жашайт. Кооптуу жерлердин көпчүлүгү Сузак жана Базар-Коргон райондорунун тоолуу аймактарында жайгашкан. Ошондой эле Ош-Бишкек автожолунун Жалал-Абад облусунун аймагындагы 26 жерде таш кулоо коркунучу бар.
Былтыр облуста табият кырсыктарынан 22 адам каза тапкан. (RsK)