Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Бишкекте футбол боюнча Топ-лиганын оюндары башталды


"Дордой" жана "Абдыш-Ата" клубунун беттеши. 5-ноябрь, 2014-жыл. Кант шаары.
"Дордой" жана "Абдыш-Ата" клубунун беттеши. 5-ноябрь, 2014-жыл. Кант шаары.

Кыргызстандын футбол боюнча Топ-Лигасынын 2015-жылдагы чемпиондугунун алгачкы оюндары бүгүн, 7-апрелде башталды. Бул тууралуу маалыматты Футбол лигасынын расмий сайты маалымат таратты.

Бүгүн Бишкектеги “Дордой” стадионунда Нарындын “Ала-Тоо” клубу менен учурдагы чемпион “Дордой” беттешип 1:0 эсебинде талаа кожоюндары жеңишке жетти. Алардан сырткары быйылкы чемпиондукка Оштун “Алай”, Канттын “Абдыш-Ата”, Бишкектин “Алга” жана мурда “Манас” деп аталган “КейДжи Юнайтед” клубдары катышат. Алардын оюну 13-апрелде башталып, “Алай” өз талаасында “Ала-Тоону” кабыл алса, борбордун “Алга” клубу Кант шаарында “Абдыш-Ата” менен беттешет. “КейДжи Юнайтед” “Дордой” менен ойнойт.

Клубдар төрт айлампада беттешип, жеңүүчү аныкталат. Жогорку лига саналган Топ-Лиганын оюндары быйыл 24-жолу өткөрүлүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG