Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Шейшемби күндүзү шаар бир нече райондордо жана анын чет жакасында электр энергиясы өчүп калды. Генераторлор иштегенге чейинки кыска аралыкта Ак үй, Мамдепартамент, Юстиция министрлиги жана музейлер жарыксыз калган. Мамдепартаментте басма сөз катчысы күнүмдүк маалымат жыйынын берип жаткан учурда жарык өчтү. Шаардын негизги артериялары болгон жолдордо жолчырактар өчүп, бир нече киши лифттерде камалып калышты. Метролордогу эскалаторлор токтоп, адамдар караңгылыкта сыртка чыгуучу жол издеп кыйналышты.

Электр энергиясын берүүнүн жандануу убактысы белгисиз болгондуктан, айрым университеттер, Энергетика министрлиги ишин эрте токтотту.

Эки сааттан кийин электр энергиясы Вашингтонго кайра толук берилди. Ички коопсуздук министрлиги электр энергиясы террордук кол салуудан улам өчтү” деген имиш кептерди жокко чыгарып, буга тармактагы авария себеп болгонун жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG