Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Нидерландыда жылкынын этин саткан касапчы 2,5 жылга эркинен ажыратылды


Франциядагы эт азыктарын даярдоочу ишкана
Франциядагы эт азыктарын даярдоочу ишкана

Нидерландыда жылкынын этин уйдуку деп саткан касапчы 2,5 жылга эркинен ажыратылды. Вилли Шелтен аттуу касапчыны сот жылкынын этин уйдуку деп жазып, документтерди жасаган деп айыптады. Тергөөнүн маалыматы боюнча Шелтен 300 тоннадан ашуун этти ушундай жол менен саткан.

2013-жылы Европада жылкынын этине байланышкан чоң чуу чыккан. Британиянын супермаркеттеринин биринде сатылган гамбургерде уй эти эмес, жылкынын эти колдонулганы аныкталган эле. Кийинчерээк жылкынын эти Британиядан тышкары Ирландияда, Францияда, Швецияда жана Германияда эт азыктарында да колдонулганы ачыкка чыккан.

Ошол мезгилде Нидерланды бийлиги 50 миң тонна эт азыктарын “жылкынын эти болушу мүмкүн” деген негиз менен сатыктан алган болчу.

XS
SM
MD
LG