Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Кыргызстанга курал алып келаткан казак жараны кармалды


Атайын кызмат кыргыз-казак чек арасында Кыргызстанга курал-жаракты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасаган казак жаранын кармаганын бул мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Окуя кечээ, 7-апрелде “Ак-Жол” көзөмөл бекетинде болгон.

Кармалган казак жаранынын унаасынан травматикалык тапанча, резина огу бар 18 патрон, 3 тапанча салгыч, 2 бычак жана кишен табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кылмышка шектүү жаран Улуттук коопсуздук кызматынын аймактык бөлүгүнө өткөрүлүп берилди.

Өткөн айда Кыргызстандан казак тарапка курал алып өтүүгө аракет жасаган казак жараны кармалган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG