Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Ошто сел кесепетин жоюу уланууда


Ош шаарында жүргөн сел. 7-апрель, 2015-жыл.
Ош шаарында жүргөн сел. 7-апрель, 2015-жыл.

Ош шаарында 7-апрелдеги жаандан улам сел каптаган аймактарды тазалоо уланууда. Жамгыр кечке жуук жааган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, катуу жаандын натыйжасында шаардагы №1 эмкана менен кабат үйлөрдүн 20дан ашуунунун жертөлөсүнө, биринчи кабаттын кире беришине суу толгон.

Ак-Буура дарыясында суу бир көпүрөнү бузуп кеткен. Ошондой эле бир катар жеке турак-жайларды суу каптаган.

Жалпысынан куткаруу кызматына 44 кайрылуу түшкөн. Адам өмүрүнө зыян тийген жок.

Тазалоо иштерин Ош шаарынын Жарандык коргонуу комиссиясынын 4 топко бөлүнгөн курамы жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG