Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Наристенин өлүмүнө шектүү окуучу үй камагына алынды


Ысык-Көл облусунда 4 жашар баланын өлүмүнө шектүү 11-класстын окуучусу Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганча үй камагына алынды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын кабарлашты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, кырсык 5-апрелде Барскоон айылында болгон. Окуучу бала атасынын машинасын айдап чыгып, жол боюнда кетип бараткан 4 жаштагы баланы коюп кеткен. Наристе ооруканага жетпей чарчап калган.

Окуяга байланыштуу кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (ASa/RK)

XS
SM
MD
LG