Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

УКМК: Улуттук гвардиядагы жемкорлук аныкталды


УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын жооптуу кызматкерлерин паракорлукка тиешеси бар деп айыптоодо.

Атайын кызмат билдиргендей, мекемеге эмерек сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “Аукцион, тендер жана ачык соода өткөрүү боюнча талаптарды бузуу” беренелери менен кылмыш иши козголду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG