Германиядан келген саясатчы эксперттер Кыргызстандагы быйыл өтө турган парламенттик шайлоого карата Бишкекте лекция өтөт. Президентке караштуу Башкаруу академиясы уюштуруп жаткан жолугушууга каалоочулардын баары катыша алат.
Немис парламентинин вице-президенти Йоханнес Зингхаммер парламенттик демократиядагы саясий партиялардын ролу тууралуу айтып берет. Ал эми Германиядагы эң ири саясий фонддордун бири - Ханнс Зайдел уюмунун жетекчиси, профессор Урсула Мэннле демократиялык өлкөлөрдөгү парламенттин ролу, шайлоо маселелери, саясий партиялардын маданияты боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. 2010-жылы бийлик алмашканда өлкө Конституциясын өзгөртүп, президенттик башкаруудан парламенттикке өткөн болчу. Бирок соңку жылдары Башмыйзам өзгөргөнү менен парламенттик демократия жакшы калыптана албай жатат деген сын пикир айтылууда. (RK)