Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Зулпукаров “Искра” гезитине чыккан маалыматты төгүндөдү


Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров “Искра” гезити аны кыз зордуктоого катышканы тууралуу жазган маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, гезитте жазылгандарды "карандай калп" деп атады:

- Бул маселе мурда да көтөрүлгөн. Ошондо Башкы прокуратурага кат менен кайрылып, териштирип берүүсүн сурангам. Алар иликтөө жүргүзүп, менин соттолгон эместигимди далилдеген тастыктама беришкен. Ал документ менде турат,- деди Зулпукаров.

Басылма жаңы санында депутат 1997-жылы кыз зордуктаганы жөнүндө макала жарыялаган. Гезиттин редактору Адилет Айтикеев бул үчүн күч органдарынан тийиштүү документтер алынганын белгилеген.

Зулпукаровдун фейсбукка жазганы.
Зулпукаровдун фейсбукка жазганы.

​Депутат Фейсбук аркылуу да бул маалымат жалган экенин айтып, “күнөөлүүлөрдү кудай жазаласын” деп билдирди. Зулпукаров аталган социалдык тармакта Төрөбай Закир уулу деген ат менен катталган жана аны расмий аккаунт катары колдонуп келет.

Ал 2010-жылдагы шайлоодо парламентке депутат болуп келген. (SE)

XS
SM
MD
LG