Линктер

дүйшөмбү, 20-февраль, 2017 Бишкек убактысы 07:46

КАМАЗ автоунаасына орнотулган көчмө клиника Ош облусундагы тургундарды тейлөө үчүн “Кызыл Ай” коомуна берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оштогу аймак аралык бириккен клиникалык оорукананын жетекчиси Шайырбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында көчмө эмкана 500 миң АКШ долларына алынган. Каржылык көмөктү орус өкмөтү көрсөттү. Ал УЗИ, кардиограмма жана башка анализ чыгаруучу жабдыктар менен камсыздалган.

Клиникада 8 адис эмгектенип, 20дан ашык ооруга диагноз коюу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан ары күн сайын Ош облусунун аймактарын кыдырып, аз камсыз болгондордун, кары-картаңдардын ден соолугу текшерилет.

Бүгүн мобилдүү клиниканын ачылышы болуп, ага өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин, Орусиянын Оштогу башкы консулу Александр Кудряшов катышты.

Алгач Улуу Ата Мекендик согуштун Оштогу айрым ардагерлер текшерүүдөн өттү. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG