Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Казакстанда кызылчага каршы вакцина текшерилди


Эмдөөдөн кийин өзүнө келе албай жаткан кыз
Эмдөөдөн кийин өзүнө келе албай жаткан кыз

Казакстанда өспүрүмдөрдү кызылчага каршы эмдөө үчүн колдонулган вакцинанын физико-химиялык жана биологиялык курамы бардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты. Мекеме билдирүүнү Дары-дармек изилдөө боюнча улуттук борборго шилтеме берип жасады.

Атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында Индиянын Серум институтунда даярдалган кызылчага каршы вакцина бардык талаптарга жооп берери жана алынып келатканда сактоо эрежелери бузулбаганы аныкталган.

Казакстан бийлиги республика боюнча январь айынын ортосунда башталган эмдөөнү 4-майга чейин токтотуу чечимин кабыл алган. Буга вакцина алгандан кийин өспүрүмдөрдүн абалы начарлап кеткени түрткү болгон.

Февраль айында Жаңы Өзөндө эмдөөдөн соң ондогон адамдар баш ооруп, тулку бою титиреп ооруканага кайрылган. Бир нече өспүрүмдүн дарылануусу уланып жатат.

XS
SM
MD
LG