Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 16:39

Жогорку Кеңештин иши боюнча мониторинг жүргүзүлдү


"Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча мониторинг жүргүздү. Атаган уюмдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, мониторингдин жыйынтыгы келерки аптада жарыяланат.

Парламент боюнча байкоо 2011-жылдын январь айынан тарта 2014-жылдын декабрына чейинки мезгил аралыгын камтыйт. ​

"Демократия жана жарандык коом үчүн" уюмунун белгилешинче, мониторинг кыргыз парламентинин ишин жакшыртууга багытталган.

Жогорку Кеңештин 2010-жылы шайланган азыркы курамынын мөөнөтү быйыл күзүндө аяктайт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG