Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Кыргызстандык ардагерлерге Лукашенконун медалдары тапшырылды


Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Беларус фронтунда кызмат өтөгөн кыргызстандык 237 ардагерге белорус президенти Александр Лукашенконун медалдары ыйгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жеңиштин 70 жылдыгына арналган атайын медал Тышкы иштер министрлиги жана Беларустун Бишкектеги элчилиги аркылуу тапшырылды.

Лукашенко мурунку СССР курамына кирген мамлекеттерден барып Беларус аймагында согушкандарды сыйлоо боюнча өткөн жылы буйрук чыгарган.

Сыйлыкка көрсөтүлгөндөр арасында көзү өтүп кеткендер да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG