Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Вашингтон орусиялык киберчабуул тууралуу маалыматты төгүндөдү


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бенжамин Росс
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бенжамин Росс

АКШ администрациясынын расмий өкүлдөрү СNN каналынын шейшембиде киберчабуул тууралуу тараткан маалыматын төгүндөдү.

Телеканал өткөн жылдын октябрь айында Ак үйдүн компьютердик желесине жасалган чабуулдун артында орусиялыктар турат деп билдирген.

Ошентсе да NBC телеканалынын маалыматына ылайык, администрациядагы аты аталбаган адамдар чабуулду орусиялык хакерлер жасаганын ырастоодо.

- Компьютердик желелердин коопсуздугу дайыма көзөмөлдө туруучу фактор, - деп билдирди президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бенжамин Росс.

Ал 2014-жылдын күзүндө компьютердик каракчылар "Ак үйдүн желесине кирүүгө далалат жасап, бирок жаман оюн ишке ашыра албаганын" кошумчалады.

СNN каналы шейшембиде орусиялык хакерлер Ак үйдүн компьютердик желесин бузуп кирип, президенттин иш тартиби жазылган конфиденциалдык документти уурдап кеткенин билдирген.

Ошону менен катар америкалык чалгындоонун башчысы Жеймс Клэппер февралда өткөн Сенаттагы угууларда “Москва тараптан жасалган киберкоркунучтар биз күткөндөн да олуттуу экен” деп айткан.

Мамлекеттик департамент жана Вашингтондогу Орусиянын элчилиги бул боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Америкалык атайын чалгындоо кызматтары билдиргендей, каракчылар изин жашыруу үчүн бир нече өлкөнүн серверлери аркылуу кирип, АКШнын мамлекеттик компьютердик желесине киберчабуул жасашкан.

XS
SM
MD
LG