Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

Испанияда терроризмге шектелген он адам камалды


Каталония полициясы терроризмге шектелген он адамды камады

Каталония полициясы терроризмге шектелген он адамды камады

Испанияда террористтик ишмердүүлүккө жана “Ислам мамлекети” радикалдык тобу менен байланышы бар деп шектелген он адам камакка алынды.

Бул тууралуу Каталониянын полициясы билдирди. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, 8-апрелде жүргүзүлгөн атайын рейдге 360 полиция кызматкери тартылган.

Болжолдуу согушкерлерди кармоо боюнча соңку кезде өткөрүлгөн эң ири операция Испаниянын түндүк-чыгышындагы беш шаарда, анын ичинде Барселонада өткөрүлдү .

Испан бийлиги мусулман жаштарынын арасында жайылып бараткан радикалдашууну токтотуп, жарандарынын Сирия жана Ирактагы согушкерлерге кошулуп кетүүсүн, өлкө аймагында ар кандай террористтик иштерге баруусун алдын алуу максатында атайын операцияларды жүргүзүп жатат.

Жыл башынан бери полиция терроризмге айыпталган отуздай адамды камады.

Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” радикалдык тобунун катарына жүздөн ашык испандыктар кошулуп кеткен. Алардын көбү испан жарандыгын алган марокколуктар экени жана ондон ашыгы согуш талааларында жан бергени кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG