Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Кумтөр: "Центерранын" дагы бир "жеңиши"


Кумтөрдө былтыр тоо тектери жылып, ишкананын айрым имараттарына зыян келтирген.
Кумтөрдө былтыр тоо тектери жылып, ишкананын айрым имараттарына зыян келтирген.

Кумтөр боюнча парламенттин тапшырмасын Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү аткара албады. “Центерра Голд” бир жылдан ашык мезгилден бери өкмөт, парламентти “чүлүктөгөндөй” жетелеп жүрүп, соңунда келишимге баруудан баш тартты.

Муну менен оппозициялык айрым саясатчылардын Кумтөр маселеси азыркы бийлик учурунда чечилбейт, анткени алар Кумтөр коррупциясына аралашып калган деген сөздөрү тастыкталууда.

Азыркы бийлик коррупциялык деп атаган Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишим жакын арада өзгөрбөшү анык болуп калды.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кенди улутташтыруудан да, 50-50% үлүш бөлүштүргөн биргелешкен ишкана түзүүдөн да 7-апрелде баш тартты:

- Бул менин принципиалдуу көз карашым, биз биргелешкен ишкана түзүүгө барбашыбыз керек. Бул пикирди мен “Центерранын” жаңы пландары чыкканга чейин айткам.

“Центерранын” жаңы планы боюнча Кумтөрдө алтындын кору 48 тоннага азайтылып, чыгашалар 92 млн. долларга көбөйтүлгөн.

“Центерра” мына ушундай бир шилтеми менен кыргыз өкмөтү, парламенти бир жылдан бери куруп жаткан "мунара" - келишим кумдан экенин көрсөтүп, аны заматта уратып салды.

Натыйжада “Центерра” коррупциялык деп аталган келишим менен дагы белгисиз мөөнөттөргө чейин иштегенге мүмкүнчүлүк алды.

Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсүнөн кийин эми Жогорку Кеңеш, андагы башкаруучу коалиция чечим кабыл алыш керек. Алардын алдында үч түрдүү чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү турат: биринчиси - өкмөттү кызматтан кетирип, жаңы өкмөткө жаңыдан сүйлөшүү жүргүзүүнү тапшырылат. Экинчиси - Жоомарт Оторбаевдин позициясына кошулуп, мурунку келишимди өзгөртүүсүз калтырат. Үчүнчүсү - кенди улутташтыруу боюнча мыйзам кабыл алынат.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мына ушул маселелер боюнча башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын лидерлеринин кеңешүүсү жүрүүдө дейт:

- Консультациялар, кеңешүүлөр, пикир алышуулар болуп атат. Бирок чечим парламентте кабыл алынат. Ошол чечим боюнча кеңешүүлөр болуп атат. Жоомарт Оторбаевге ишенели дегендер бар. "Убакыт жана мүмкүнчүлүк берели" деп Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов айтып жатат.

Чыныбай Турсунбековдун айтымында, маселени кийинки жумага алып чыгууга аракет жасалууда.

Парламент жана фракция лидерлери азыркы кезде чечкиндүү кадамга барууга жөндөмсүз, алар мамлекет башчысынан кандай ишарат болсо, ошону аткарат дейт “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев:

- Азыр парламент, айрыкча фракциянын лидерлери “гуттаперчевый мальчиктер” болуп калган. Кыргызча айтканда, сөөгү жок балдар. Каякка карап бураса, ошол жакка карап ийилип кете беришет. Айрыкча шайлоонун алдында баарынын сөөгү жок болуп калды.

Балтабаев азыркы кезде парламентте Оторбаевдин чечимине карата жооп жок экенин белгиледи. Ошол эле учурда Жоомарт Оторбаев парламентке 50-50% ишкана түзүү келишимин же кенди улутташтыруу боюнча чечимди алып келиш керектигин, анткени парламенттин токтому менен өкмөткө ошондой тапшырма берилгенин кошумчалады.

Оппозициялык депутат Равшан Жээнбеков өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку Кеңеш эмне кыларын билбей дендароо абалга түштү дейт.

Айрыкча шайлоонун алдында баарынын сөөгү жок болуп калды.
Ташболот Балтабаев

Техника илимдеринин доктору, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон Шергазы Мамбетов азыркы тунгуюк абалга алып келген Кумтөрдө алтындын корунун азайтылышына жол берилишин кыргыз бийлигинин компетентсиздиги менен байланыштырды:

- Биздин жетекчилердин компетентсиздигинен запастар боюнча көп жолу алдап, көп жолу туура эмес сандарды коюп алышкан. Ошонун негизинде кендин жер астындагы бөлүгүн иштеткенге да туура эмес мамиле жасалды.

Кумтөр боюнча өкмөт башчынын билдирүүсү бул маселенин жакын арада чечилбешине гана аныктык киргизди. Оторбаевдин ордуна жаңы өкмөт башчы келсе да маселени тез арада чечери күмөндүү. Анткени анын сүйлөшүүсү үчүн да убакыт керек. Убакыт болсо азыркы парламент үчүн да, өкмөт үчүн бүтүп баратат. Ошондуктан күзгү парламенттик шайлоодон кийин жаңы Жогорку Кеңеш жана жаңы өкмөткө бул маселе калчудай болуп турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG