Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

“Ислам мамлекети” радикал тобунун туткунунан 200дөй езид бошотулду


Туткундан чыккан езиддер
Туткундан чыккан езиддер

Ирактагы “Ислам мамлекети” радикалдык тобу бир нече айдан бери туткунда кармаган 200дөн ашык езидди бошотту.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук провинциясындагы күрттөрдүн Пешмерга күчтөрүнүн жетекчиси, генерал-майор Веста Расул 8-апрелде Франц Пресс агенттигине берген маегинде, “Биз 227 езидди тосуп алдык, алардын арасында аялдар жана балдар бар”- деп билдирди.

Reuters маалымат агенттиги кабарлагандай, бошотулгандардын арасында улгайган адамдар, оорукчандар жана эки христиан бар.

“Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери өткөн жылдын жайында Ирактын түндүгүндөгү шаарларды басып алып, миңдеген езиддерди туткунга алышкан.

Укук коргоочулар езид азчылыгынын аялдары жана кыздары согушкерлер тарабынан зордукталып, эркектери өлтүрүлүп, балдары ислам динин кабыл алууга мажбурланганын айтып, коңгуроо кагышууда.

Учурда езиддер жашаган айылдардын көбү согушкерлердин көзөмөлүндө. Алардын колунда үч миңге жакын езид аялдары жана балдары бар.

XS
SM
MD
LG