Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Өзбекстанда суюлтулган газ кескин кымбаттады


Өзбекстанда чыгарылган "Дамас" автоунаасы.

Өзбекстанда чыгарылган "Дамас" автоунаасы.

Өзбекстандын бир катар облустарында суюлтулган пропан газы соңку эки күн ичинде кескин кымбаттады. Өлкөдө негизинен автоунааларга куюлуучу газдын бир литри мурда 1100 сум (28 сом) болсо азыр 1600 сумга (48 сомду) жетти. "Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, Өбекстандагы биржалар газдын соңку күндөрү кымбаттаганын ырасташып, бирок анын себебин түшүндүрө алышкан эмес.

Суюлтулган газдын баасы бензинге салыштырмалуу кыйла арзан болгондуктан, өлкөдөгү айдоочулардын көбү автомобилдерине газ куюуучу жабдык орнотуп алышкан. Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстандагы автоунаалардын 20% суюлтулган газ менен жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG