Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

Парламент бүгүн Кумтөр токтомдору боюнча өкмөттүн маалыматын угат


“Центерранын” жаңы планы боюнча Кумтөрдө алтындын кору 48 тоннага азайтылып, чыгашалар 92 млн. долларга көбөйтүлгөн.
“Центерранын” жаңы планы боюнча Кумтөрдө алтындын кору 48 тоннага азайтылып, чыгашалар 92 млн. долларга көбөйтүлгөн.

Бүгүнкү жалпы отурумда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган тиешелүү жетекчилер Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык "Центерра" менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат беришет.

Бул маселе 7-апрель күнү Жогорку Кеӊештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде каралган. Анда маалымат берген өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кенди улутташтыруудан да, 50-50% үлүш бөлүштүргөн биргелешкен ишкана түзүүдөн да баш тарткан :

- Бул менин принципиалдуу көз карашым, биз биргелешкен ишкана түзүүгө барбашыбыз керек. Бул пикирди мен “Центерранын” жаңы пландары чыкканга чейин айткам.

Ал күнү өмөттүн Кумтөр долбоору боюнча жүргүзгөн иши «канааттандыралык эмес» деп табылган.

Бүгүнкү жыйында парламент ага өз баасын берип, башкаруучу коалиция чечим кабыл алышы күтүлүүдө. Байкоочулар парламенттин алдында үч түрдүү чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү турганын айтышууда. Биринчиси - өкмөттү кызматтан кетирип, жаңы өкмөткө жаңыдан сүйлөшүү жүргүзүү тапшырылат. Экинчиси - Жоомарт Оторбаевдин позициясына кошулуп, мурунку келишимди өзгөртүүсүз калтырат. Үчүнчүсү - кенди улутташтыруу боюнча мыйзам кабыл алынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG