Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Ирсалиев: "Центеррага" сунушталып жаткандар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобойт


Мамлекеттик мүлк фондунун кызматынан убактылуу четтетилген жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев "Центерранын" директорлор кеңешине тандалып жаткан адамдар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошуна ишенбестигин билдирди. Ирсалиев ушундан улам өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев тарабынан сунушталган чет элдик жарандардын талапкерлигин "Центерранын" директорлор кеңешине киргизүүдөн баш тарткандыгын кечээ журналисттерге маалымдады.

Ирсалиевдин айтуусунда, Жоомарт Оторбаев сунуштаган жети чет өлкөлүктүн экөө Канаданын, экөө АКШнын, экөө Британиянын жана бирөө Казакстандын жарандары болгон. Ал эми Кыргызстандын атынан премьер-министр сунуштаган талапкер Кылычбек Шакиров болгон. Ирсалиев бул кишилер тууралуу эч кандай маалыматы жок туруп, бир күндүн ичинде аларды “Центерранын” директорлор кеңешине талапкерликке көрсөтүүгө макул эместигин билдирген соң, өкмөт башчы өзүн кызматтан алып, ордуна орун басарын койгонун айтат. Ирсалиевдин айтуусунда, жаңы дайындалган Азаматбек Абдыбек өкмөт башчынын өкүл баласы болот.

Дүйшөн Ирсалиев тизмедеги чет элдик жарандардын артында Максим Бакиев жана башка байлардын кызыкчылыгы турушу ыктымалдыгын айтты.

"Тазабек" экономикалык порталынын жазышынча, Ирсалиевдин бул сөзүн өкмөт башчы "сандырактык" деп баалады. Жоомарт Оторбаев кечээ “Кыргызалтын” ишканасынын жыйынынан чыгып, журналисттердин бул тууралуу суроосуна жооп берди. Ал кызматтан убактылуу четтетилген Ирсалиевдин ордуна Мамлекеттик мүлк фондуна өзүнүн өкүл баласын койду деген дооматты да четке какты. Оторбаев журналисттердин башка суроолоруна жооп берген жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG