Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Караколдогу Жеңиш сейил багы 13 миллион сомго реконструкцияланат


Сейил бакты оңдоп-түзөө иштери. 8-апрель, 2015-жыл.
Сейил бакты оңдоп-түзөө иштери. 8-апрель, 2015-жыл.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 12 миллион сом жана башка булактардан 1 миллион 250 миң сом сейил бактын реконструкциясына бөлүнгөнүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков билдирди. Сметаны өнүктүрүү фондунун тапшырмасы менен шаардык архитектура башкармалыгы аныктап берген. Бул каражат бир жолку оңдоо иштерине гана жумшалат, ал эми көрктөндүрүү, жашылдандыруу, даараткана салуу жана башка курулуштарга башка булактардан каражат изделмекчи.

Буга чейин шаардык кеңештин бир нече депутаттары Жеңиш багын оңдоого башында 8 миллион сом каралганы айтылып, бирок кийин бул сумма 12 миллиондон ашып кеткендиктен каржы чыгымдарын текшерүүнү талап кылышкан. Каракол шаардык кеңешинин депутаты Сейит Өскөнбаев, парктын ичине төшөлгөн таштар азыртадан эле талкаланып, сапатсыз экени билингенин кошумчалады.(AsA)

XS
SM
MD
LG