Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Арипов: Чек арадагы айылдар боюнча мыйзам иштебей жатат


Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жөнүндөгү мыйзам иштебей жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Назарали Арипов билдирди. Ал былтыр 100 миллион сом бөлүнгөнүн, быйылкы бюджетте да 100 миллион сом каралганын, бирок ошол акча кайсы максаттарга жумшалганы тууралуу өкмөттөн так маалымат алуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Мыйзам коңшу өлкөлөр менен чектеш участоктору тынч эмес аймактардагы айылдарга өзгөчө статус берип, жергиликтүү калктын социалдык планына бир катар жеңилдиктерди берүү максатында эки жыл мурда иштелип чыккан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG