Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

“Кыргызмунайгаздын” кармалган жетекчилери үй камагына чыгарылды


Кочкор-Ата шаарынын кире бериши. "Кыргызмунайгаз" ишканасы ушул шаарда жайгашкан.

Кочкор-Ата шаарынын кире бериши. "Кыргызмунайгаз" ишканасы ушул шаарда жайгашкан.

Мыйзамсыз түрдө газ сатууга шектелип 7-апрелде колго түшкөн “Кыргызмунайгаздын” жетекчисинин эки орун басары үй камагына чыгарылды. Чечимди Ноокендеги район аралык сот чыгарды. Ал эми газ сатуу бөлүмүнүн башкы адиси убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашты. Алар көгүлтүр отту өз билемдик менен сатып, мамлекетке 5 миллион 420 миң сом зыян келтиргени айтылууда.

Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси – шалаакылык, коммерциялык уюмдар жөнүндөгү мыйзамды бузуу жана ишенип берилген мүлктү өз пайдасына ыйгарып алуу боюнча кылмыш иш козголгон.

“Кыргызмунайгаз” Кочкор-Ата жана Жалал-Абад шаарларын газ менен камсыз кылат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG