Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Өкмөт “Жундага” чийки затты Орусиядан алууну сунуштады


"Жунда" заводу
"Жунда" заводу

Вице-премьер-министр Валерий Диль шаршемби күнү Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводунун иши менен таанышты. Вице-премьерге завод өкүлдөрү иш толук жүрбөй жатканын, буга чийки заттын жетишсиздиги себеп экенин айтышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Валерий Диль учурда Кыргызстанда иштеп жаткан орусиялык “Роснефть” жана “Газпром” компаниялары менен келишим түзүп, чийки зат алууну сунуштады. Андан сырткары, Татарстандын “Татнефть” ишканасы менен кызматташууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Кытайдын “Жунда” компаниясы Кара-Балтада алты маркадагы бензин, дизель майы жана суюлтулган газ чыгарууну пландап жатат. Жергиликтүү тургундар экологияга зыяны тиет деген негиз менен заводдун иштешине каршылык билдирип келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG