Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Спикер Жээнбеков: Георгий тасмасына тыюу жок, бирок мен кызыл тасма тагынам


Кыргызстанда Жеңиш күнүн майрамдоодо Георгий тасмасын тагынууга эч кандай тыюу салынган эмес. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирип, маселени саясатташтырбоого чакырды:

- Ар кимдин өз эрки. Мисалы мен кызыл тасма тагынганды жакшы көрөм. Бул менин өлкөмдүн Туусунун, Жеңиштин, Советтер Союзунун түсү. Бул биздин жалпы жеңиш, Советтер Союзундагы элдердин жеңиши экенин белгилеп келебиз. Биздин коомчулукка, мурдагы Союздагы элдердин ортосуна жик салууну каалаган күчтөр бар. Бирок андай аракеттен майнап чыкпайт, - деди спикер.

Жээнбеков ошондой эле Бишкек мэриясынын шаарды Жеңиш күнүнө карата мамлекеттик Туудагы кызыл жана сары түс менен жасалгалоо демилгесинен айып издебөөгө, аны саясатка айландырбоого чакырды.

Мурда Жеңиш күнү күрөң-сары түстөгү Георгий тасмасын тагынуу менен коштолуп келген болсо, соңку жылдары айрым тарыхчылардын, жарандык активисттердин билдирүүлөрүнөн кийин коомчулуктун пикири өзгөрүп, кызыл тасма тагынгандар көбөйүүдө.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” жарандык кыймылы Георгий тасмасы орус империясындагы колониализм жана үстөмдүк кылуунун символу деген пикирде. Ал эми коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Георгий тасмасы "илгерки орус падышачылыгынын символу, алар кыргыздарды басып алып, мыкаачылык менен кырган, кээ бир айылдардын күлүн көккө сапырып жиберген" деп айтып келет.​

Белгилүү тарыхчы Асыкбек Оморовдун айтымында, 1916-жылы кыргыздарда болгон Үркүн учурунда орус императору "Кимде ким жүз кыргызды атып өлтүрсө, ошол аскер Георгий ордени менен сыйланат" деп жарлык чыгарган.

Беларус, Украина, Молдова, Грузия жана Казакстан Георгий тасмасын жайылтуудан баш тарткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG