Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Мамкаттоо кызматынын адиси паракорлукка шектелүүдө


УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Бишкек шаардык прокуратурасы менен бирге Мамлекеттик каттоо кызматынын адисин 10 000 сом пара алып жаткан жеринен кармаганын кабарлады. Шектүү акчаны жергиликтүү тургундан тез арада паспорт жасап берүү үчүн сураганы аныкталды.

Атайын кызмат колго түшкөн жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин биринчи бөлүгү – “Пара талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

УКМК жарандарга тез даярдалуучу паспорттун мыйзамдуу наркы 4220 сом экендигин, документ алуу эки күндө бүтөрүн эскертет. (SE)

XS
SM
MD
LG