Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Керри: Иран Йемендеги козголоңчуларды колдоп жатат


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри
АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Иран Йемендеги шийит козголоңчулары - хуситтерди колдоп жатканы Вашингтонго маалым экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-апрелде PBS телеканалына курган маегинде айтты.

- Жакынкы Чыгышта бейстабилдүүлүк болуп, америкалык аскерлер чет жактарда согушуп жүргөндө АКШ эч качан четтен карап турбастыгын Тегеран түшүнүшү керек,- деп кошумчалады Керри.

Иран бул айыпты четке кагууда.

Йемендин басымдуу бөлүгүн басып алган шийит козголоңчулары өткөн айда өлкөнүн экинчи стратегиялык шаары Аденге кирип келгенде бул жакта жашырынып жаткан өлкө президенти Абд Раббу Мансур Хади өз сарайын таштап Сауд Арабияга качууга мажбур болгон.

Иран маалымат каражаттары жазганына караганда, шейшембиде Иран Аден булуңуна, Йемендин жеегине эки аскер кемесин жөнөттү.

Ал арада Вашингтон Америка Кошмо Штаттары Йемендеги шийит козголоңчулары - хуситтерге каршы аскерий операция өткөрүп жаткан Сауд Арабия баш болгон коалицияга курал-жарак жеткирүүнү тездетерин билдирген.

XS
SM
MD
LG