Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Санкциялар дароо жоюлмайынча Иран макулдашууга кол койбойт


Ирандын президенти Хасан Роухани

Ирандын президенти Хасан Роухани

Бул тууралуу Иран президенти Хасан Роухани мамлекеттик телеканал аркылуу жасаган билдирүүсүндө айтты.

- Эгер экономикалык санкциялардын баары ошол эле күнү алынбаса биз эч кандай макулдашууга кол койбойбуз. Тегеран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүгө катышкан бардык тараптар үчүн ылайыктуу келишимди каалайт, - деп билдирди Роухани.

Соңку сүйлөшүүлөр Иран менен алты дүйнөлүк держава: АКШ, Германия, Франция, Улуу Британия, Орусия, Кытайдын ортосунда Швейцариянын Лозанна шаарында өтүп, 2-апрелде макулдашуу кабыл алынган.

Ага ылайык Тегеран уранды байытууну чектейт, ядролук программасы болсо такай мониторингге алынат. Макулдашуудан кийин Улуттар Уюму, Евробиримдик жана АКШ мурда Иранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды жеңилдетет. 30-июнга чейин тараптар корутунду келишимди кол койгонго даярдашы абзел.

АКШ буга чейин санкциялар дароо эмес, бара-бара алынарын кыйыткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG