Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Ошто ардагерлерге каржылык колдоо көрсөтүлөт


Ош мэриясынын жетекчилиги шаар бийлигине караштуу мекеме кызматкерлерин бир күндүк маянасын Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлерине чогултуп берүүгө чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, каражат ыктыярдуу түрдө топтолот.

Учурда Ош шаарында фронтто кызмат өтөгөн 26, ооруктагы 54 ардагер бар. 1941-1945-жылдардагы согушка Ош шаарынан 14 621 жоокер катышкан. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG