Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Парламентте жаңы коалиция түзүү сунушу айтылды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Өнүгүү" тобунан депутат Бакыт Төрөбаев “Бүгүнкү парламент коалициялык кризисте экени даана көрүнүп турат” деген оюн айтты. Ошондой эле ал көпчүлүктү түзгөн коалициянын Кумтөр боюнча бирдиктүү позициясы тургай, бул маселени талкуулаганга да чогулбаганын белгиледи.

Депутат көпчүлүктү түзгөн коалиция жоопкерчиликтен качпай, өкмөттү отставкага кетирип же курамын өзгөртүш керек деген сунушун айтты.

- Эки жылдан бери Кумтөр маселесин чече албай келатабыз. Эгер азыркы коалицияны алмаштырбасак чече албайбыз,-деди Төрөбаев. (KJ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG