Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

"Бир дүйнө Кыргызстан": УКМК адвокаттарга басым көрсөтүүдө


Ош шаарындагы адвокат, "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун өкүлү Хусанбай Салиевге Улуттук коопсуздук комитети басым көрсөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн аталган уюмдан кабарлашты.

"6 жана 8-апрелде адвокат Хусанбай Салиевдин атасы менен бир тууганын УКМК бөлүмүнө суракка чакырышкан. Ага басым көрсөтүлүүдө" деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

27-мартта УКМК "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүп, ноутбук, флеш-карта, диктофон, дисктерди алып кеткен. Муну атайын кызмат шек жараткан америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган.

Бирок 28-мартта Умар Фарук кылмышка тиешеси жок экенин сот аныктаган.

"Бир дүйнө Кыргызстан" уюму тинтүү учурунда УКМК кызматкерлеринин мыйзам бузууларына байланыштуу адвокаттык материалдар да алынып кеткенин кабарлаган.

УКМК азырынча бүгүнкү билдирүү боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG