Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Миландагы Юстиция сарайында атышуу болду


Юстиция сарайындагы атышуудан жарадар болгон адамдарга полиция жардам берүүдө.
Юстиция сарайындагы атышуудан жарадар болгон адамдарга полиция жардам берүүдө.

Италиянын Милан шаарындагы Юстиция сарайында болгон атышуудан үч адам мерт кетти.

Судья Джованни Канцио Ansa маалымат агенттигине билдиргендей, окту жасалма банкроттуулук иши боюнча айыпталып жаткан Клаудио Жардиелло аттуу жаран чыгарган. Мерт кеткендердин арасында адвокат жана судья бар.

La Repubblica гезитинин маалыматына ылайык, дагы эки адам жарадар болду.

Кылмышкер кырсык болгон жерден качып кетүүгө үлгүрүп, кийинчерээк Миландын жака белиндеги Вимеркат шаарында аскерий полиция тарабынан кармалды.

Юстиция сарайы Миландын борборунда, башкы чиркөөдөн өтө алыс эмес жерде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG