Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Азербайжандык активист 20 күнгө камалды


Азербайжандагы оппозициячыл активист Руслан Насирли.

Азербайжандагы оппозициячыл активист Руслан Насирли.

Баку соту 9-апрелде Азербайжандын “Элдик Фронт” партиясынын активисти Руслан Насирлини 20 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды.

Насирли 5-апрелде нааразылык акциясына катышкандыгы үчүн айыпталууда. Акциянын башка катышуучулары Садиф Курбанов жана Түркел Алисой 6-апрелде чыккан сот чечимине ылайык, 25 жана 30 суткага камакка алынган.

Алисой бейбаштык, ал эми Насирли менен Курбанов - полицияга каршылык көрсөткөнү үчүн айыпталды. Азербайжандык активисттердин айтымында, укук коргоочулар расмий Бакуну саясий жана коомдук активисттерди, журналисттерди, блоггерлерди басмырлап жатканы үчүн сынга алышты.

Укук коргоочу Расул Жафаровдун иши боюнча соттук угуулар 9-апрелде Бакуда уланды. Ал салык төлөөдөн качкан, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн деп айыпталууда. Жафаров бул айыптардын саясий мүдөөсү бардыгын айтып, четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG