Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

"Чек арасыз кабарчылар" Салиевдин иши боюнча камтамасын билдирет


“Чек арасыз кабарчылар” уюму кыргыз бийлигинен Хусанбай Салиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн кысымга алууну токтотууга чакырды.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму кыргыз бийлигинен Хусанбай Салиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн кысымга алууну токтотууга чакырды.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун өкүлү Хусанбай Салиевге Улуттук коопсуздук комитети басым көрсөткөнү боюнча өз камтамачылыгын билдирди.

Эл аралык уюм кыргыз бийлигин адвокаттар Хусанбай Салиев менен Валерян Вахитовдун үйлөрүн жана "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесин тинтүү маалында конфискацияланган документтерди кайтарууга, укук коргоо уюмуна каршы ачылган ишти дыкат иликтөөгө чакырды.

Ошондой эле "Чек арасыз кабарчылар" расмий Бишкектен Хусанбай Салиев менен Валерян Вахитовдун үй-бүлө мүчөлөрүн кысымга алууну токтотуп, Кыргызстанда укук коргоочулар коркпой, эркин иш алып баруусуна кепилдик берүүнү суранды.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму "6-апрелде жана 8-апрелде адвокат Хусанбай Салиевдин атасы менен бир тууганын УКМКнын Оштогу башкармалыгына суракка чакырышып, басым жасашкан" деген билдирүү тараткан.

27-мартта УКМК "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүп, ноутбук, флеш-карта, диктофон, дисктерди алып кеткен. Муну атайын кызмат америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган.

28-мартта Умар Фарук кылмышка тиешеси жок экенин сот аныктаган, бирок уруксатсыз журналисттик иш менен алектенген деген негизде өлкөдөн чыгарылган.

"Бир дүйнө Кыргызстан" уюму тинтүү учурунда УКМК кызматкерлеринин мыйзам бузууларына байланыштуу адвокаттык материалдар да алынганын кабарлаган.

УКМК азырынча бүгүнкү бул боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG