Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:16

АКШ-Кыргызстан кызматташтыгы талкууланды


Вашингтондо АКШ-Кыргызстан кызматташтыгы талкууланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 9-апрелде өткөн жыйынга кыргыз тараптан министр Эрлан Абдылдаев катышты. Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алака, Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын сактоо жаатындагы абал талкууланды.

Эрлан Абдылдаевдин АКШ мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Венди Шерман менен жолугушуусунда эл аралык жана аймактык маселелер тууралуу сөз болду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG